Баткен жана Ош облустарына Бишкектен медицина кызматкерлеринин дагы бир тобу жөнөп кетти

Баткен жана Ош облустарына Бишкектен медицина кызматкерлеринин дагы

бир тобу жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,

бүгүн, өлкөдөгү коронавирустун очогу болгон аймакка өз ыктыяры менен баруу

ниетин билдирген медицина кызматкерлери жолго чыкты. Курамында эпидемиолог,

анестезиолог-реаниматологдор жана жугуштуу оорулар менен күрөшкөн адистер бар.

Алар аймактарда бир ай бою кызмат өтөшөт. Муну менен ордо калаадан

региондорго алтынчы бригада кетти. Учурда Кыргызстанда вирус

аныкталган адамдардын жалпы саны 419ду түзөт.