Кыргызстанда ымыркайларга коюлган сейрек ысымдар аталды.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эркек балдарга Артыкалы,
Жасулан, Жайсаң, Элал, Тенгис, Алистер Белек, Добрыня, Акбалбан, Лелин,
Максемус аттары ыйгарылган. Ал эми кыздарына ата-энелер Доминика,
Марсиана Нури, Девора, Николина, Атика, Айсенэм, Белек-Айым,
Элтаазим, Акылыйман, Балкыял ысымдарын тандашкан.