Кыргызстанда синтетикалык тор жана электр тогу менен балык кармоого тыюу салынды

Кыргызстанда синтетикалык тор жана электр тогу менен балык кармоого тыюу салынды.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда 108 добуш менен кабыл алынды.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын

төрагасынын орун басары Расулбек Артыкбаев мыйзамсыз аңчылык боюнча

302 административдик иш ачылганын билдирди. Ал эми келтирилген зыян

9 миллион сомдон көбүрөөк. Кармалган торлордун саны 4 миңден ашык.

Ал эми узундугу 424 миң метрди түзөт, — деди Артыкбаев.