Кыргызстанда соода тармагындагы жеке ишкерлер 1-январдан тарта   электрондук товар-унаа коштоочу кагазын колдонушу керек

Кыргызстанда соода тармагындагы жеке ишкерлер 1-январдан тарта   электрондук товар-унаа коштоочу кагазын колдонушу керек. Бул үчүн бизнесмендер мамлекеттик салык кызматынын сайтындагы жеке кабинеттен каттоодон өтүшү зарыл.

 

Ведомстводон белгилешкендей, электрондук коштоочу кагаз бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, ишкерлер башка өнөктөштөрү менен документтерин ыкчам түрдө алмаша алат. Андан тышкары, канцелярия жана почта кызматтары үчүн чыгашалар азаят.