Ошто дагы жаңы жылга даярдыктар башталды

Ошто дагы жаңы жылга даярдыктар башталды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүн муниципалитет кызматкерлери балатыны орнотууга киришти. Учурда темир каркас тургузулуп жатат.

 

Токой сулуусунун бийиктиги   29 метрди түзөт. Бул өлкөдөгү эң бийик балаты болот. Ош шаарын жаңы жылдык кооздоо иштери декабрдын ортосуна чейин созулат.

 

Эске салсак, учурда балатылар ошондой эле Бишкекте жана Караколдо орнотулууда.