Бишкектин Ала-Тоо аянты башаламан соода кылган түйүндөрдөн тазаланды

Бишкектин Ала-Тоо аянты башаламан соода кылган түйүндөрдөн тазаланды. Ордо калаа муниципалитетинен билдиришкендей, рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен велосипеддерди ижарага берген 13 түйүн жабылды.

 

Алар мыйзамсыз иштеп келгени аныкталды. Бул жаатта иштер уланат, — дешти мэриядан.