Бүгүн Оштун бир катар райондорунда жарык өчүрүлдү.
Мэриянын басма сөз кызматынан такташкандай, оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы кечки саат 5ке чейин жок болот.
Жарыкка чектөө Черемушки, Ак-Тилек кичи райондорунда жана Курманжан-Датка, Мамыров, Атабаев, Ахмедов, Калинин, Моминов, Амир-Тимур, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Абдыкадыров, Пролетарская, Пахта Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдо Нияз, Санкт-Петербург, Степная, Алиев көчөлөрүндө киргизилди.