Улуттук банк сомду колдоо аракетин улантууда

Улуттук банк сомду колдоо аракетин улантууда. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси 20 миллион доллар сатты. Бул ай башынан берки үчүнчү интервенция. Буга чейин 15,5 миллион доллар сатылган болчу.

 

Эске салсак, Кыргызстанда доллар курсу 2 айдан бери серпилүүдө. Улуттук банктын байма-бай өткөргөн интервенциялары жыйынтыгын бере элек. Америкалык валютанын куну 84 сомдон түшпөй жатат.