Электрондук документ жүргүзүү системасына 941 мамлекеттик орган кошулду

Электрондук документ жүргүзүү системасына 941 мамлекеттик орган кошулду. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, тизмеге шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары дагы киргизилди.

 

Система ишке киргенден бери дээрлик 2,5 миллион документ каттоого алынды. Ал эми колдонуучулар 35 миң мамлекеттик кызматкерден турат.