Кыргызстанда вирусту жеңгендердин саны дагы 483 адамга көбөйдү.
Сакайгандардын басымдуу бөлүгү Баткен, Жалал-Абад,
Ысык-Көл облустарына жана Бишкекке туура келет, — деп билдиришти
республикалык штабдан. Ушуну менен ковидден
айыккандардын жалпы саны 56 миң 307 адамды түздү.