Кыргызстанда 84 миң 472 адам коронавируска каршы вакцина алды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык,
экинчи дозаны алгандардын саны 37 миң 628ге жетти. Эмдөөдөн
өткөндөрдүн көбү Бишкекке, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келсе,
эң азы Баткен жана Талас облусунда. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда
коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алды.