Мамлекет калк алдындагы бардык социалдык милдеттерин өз убагында аткарат

Мамлекет калк алдындагы бардык социалдык милдеттерин өз убагында аткарат.

 

Каржы министри Кыялбек Мукашевдин айтымында, кеп айлыктарды берүү, Соцфондко төлөмдөрдү жүргүзүү жана жылуулук сезонун ийгиликтүү өткөрүү тууралуу болуп жатат.

 

Ал эми коронавирус менен күрөшүү тууралуу айта турган болсок, бардык зарыл сумма өз убагында бөлүнөт. Буга Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү камсыздандыруу фондунан арыздар түшөт. Бул чыгашалар мамлекеттик бюджетте каралган, ыкчам түрдө берилип жатат, — деди Мукашев.