Бишкекте кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышы өтөт

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

 

Билдирүүгө ылайык, эл аралык айтыш Өтө Көкө уулунун (Жеңижок) 160 жылдык, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдык мааракелерине арналып өткөрүлөт.

 

«Айтыш эки баскычта өтөт. 1-баскыч (тандоо) 20-август күнү саат 10:00дө «Манас» кинотеатрында өтөт. Ал эми экинчи баскыч (финал) 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

 

Айтыштын максаты — кыргыз элинин байыркы тарыхы менен маданиятын жандандыруу багытында улуттук мүнөздөгү төкмөлүк жана айтыш өнөрүнө байланышкан сынактарды уюштуруу аркылуу элдин маданиятка болгон кызыгуусун өстүрүү. Кыргыз-казак достугун чыңдоо», — деп жазылат маалыматта.