Кыргызстандык тасма эл аралык кинофестивалда баш байге утту.
Режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун «Мээрман» кыска метраждуу даректүү
тасмасы «Ааламдарга ырайым» кино сынагында «Эң мыкты даректүү тасма»
сыйлыгына татыды. Иш-чарага 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу кинокартина
катышты. Иш-чара Түркиянын Стамбул шаарында өттү. Аталган
тасма буга чейин бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.