Кыргызстанда жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө тыюу салынды.

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, оор жүк ташуучу унааларга чектөө 1-сентябрга чейин күчүндө болот.

Маалыматка ылайык, жолго чыгууга кечки саат 8ден 10го чейин гана уруксат берилет.

Мындай чара аба ырайынын кескин ысып кеткендигине байланыштуу кабыл алынды.

Чектөө 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга тиешелүү болот.

Белгилеп кетсек, жаңы эрежелерден улам чек арада ондогон унаалар кезек күтүүдө.

Алар көбүнчө Россия, Казакстан жана Түркиядан келген жүктөр.