Ош шаардык жолдор башкармалыгы жол сызыктарын жаңылоо иштерин баштады.
Жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда бул иштер Райымбеков (Зайнабетдинов) көчөсүндө аяктап, Масалиев проспектисинде жүргүзүлүүдө.
Жакынкы аралыкта Ленин, Курманжан-Датка, Абдыкадыров көчөлөрүндө да жаңылоо пландалууда.
Жумушка төрт атайын техника жана 10го жакын жумушчу тартылган.