Бишкекте троллейбус айдагандардын 36сы жол эрежеси боюнча сынактан өтпөй калды

Бишкекте троллейбус айдагандардын 36сы жол эрежеси боюнча сынактан өтпөй калды.

 

Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, жалпысынан 267 айдоочу сынактан өтсө, анын 36сы тиешелүү баллды ала алган эмес.

 

Экзамендин жыйынтыгында инспекторлор ар бир айдоочуга жол эрежесинин кайсы пункттарын бузганын жана бул үчүн кандай жоопкерчиликке тартыларын түшүндүрүштү.

 

Бирок биринчи жолу экзаменден өтпөй калгандарга, кайра тапшырууга уруксат берилди.