Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 19-майдан 24-майга чейин өтөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 19-майдан 24-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан өлкө аймагында 120 тестирлөө борборун ачуу пландалууда.

 

Катышуучулардын саны көп болсо, борборлордун саны дагы көбөйтүлөт. Эске салсак, учурда ЖРТга каттоо жүрүүдө, ал 7-апрелге чейин уланат.