Билим берүү министрлиги мектептерда акча чогултууну мыйзамдаштыруу ниетинде

Билим берүү министрлиги мектептерда акча чогултууну мыйзамдаштыруу ниетинде. Ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, учурда өлкөдө төлөмдөр боюнча бирдиктүү тарифтик саясат жок.

 

Бирок мектептерди оңдоого, зарыл материалдарды сатып алууга бюджеттен акча бөлүнбөйт, андыктан директорлор бул абалдан чыгуу үчүн өздөрү чечим кабыл алат.

 

Бул процедураны иретке келтирип, мыйзамдаштыруу үчүн документ даярдалды. Сентябрда ал коомдук талкууга чыгарылат.