Баткен районунда бир катар административдик имараттар курулат.
Бул тууралуу жергиликтүү акимчиликтен билдиришти.
Курулушка Бүжүм айылынан 15 гектар жер бөлүнүп берилген.
Анда “Кадастр”, “Телеком” мамлекеттик мекемелери, райондук суу чарба ишканалары, үй-бүлөлүк медицина борбору үчүн имарат куруу пландалууда.
Объектилердин курулушун жыл аягына чейин бүтүрүү пландалып жатат.