Бишкек шаарында карантинге жабылган №67 мектеп 18-октябрда ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
«18 -октябрга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык буйругуна ылайык, №67 мектеп карантинге жабылган. Мектеп окуучулары онлайн билим алууда. Жалпы имарат жана класстар дезинфекцияланды», — деп билдиришти мэриядан.
Аталган мектеп 8-октябрда карантинге жабылган. Учурда бул мектептин окуучулары окууну онлайн режиминде улантууда.