Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө карантинден кийин өтөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө карантинден кийин өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, бул Билим берүү министрлигинин чечими.

 

Анткени, тестирлөөнү онлайн форматта өткөрүү мүмкүн эмес. Исмаилова белгилегендей, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик 80 пайызы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөн. Учурда аны өткөрүүнүн графиги түзүлүүдө.