Абитуриенттер документтердин түп нускаларын окуу жылы башталганда алып келишет

Абитуриенттер документтердин түп нускаларын окуу жылы башталганда алып келишет.

Онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер окуу жайда билим ала турганын

тастыкташы үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт. ЖОЖдор кошумча

сынактарды талап кылган маданият, искусство, дене тарбия, дизайн адистиктери боюнча

гана кирүү сынактарды салттуу режимде өткөрүшөт. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык,

кошумча сынактарды өткөргөн окуу жайлар тиешелүү санитардык-гигиеналык

нормаларды сактоо чараларын милдеттүү түрдө аткарышы керек.