Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде кошумча шайлоо тилкелери ачылат

Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде кошумча шайлоо тилкелери ачылат. Бул тууралуу БШКнын отурумунда айтылды. Маалыматка ылайык, 2 участок Москвада, бири Тюмень шаарларында жайгашат.

 

Ушуну менен чет мамлекеттерде тилкелердин жалпы саны 48ге жеткирилди. Андан тышкары, кошумча добушканалар Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Ош шаарында пайда болот. Аларды ачууга дагы 2,5 миллион сом талап кылынат. Сумма шайлоолордун жалпы сметасына киргизилген. Эске салсак, президенттик шайлоолор жана референдум 10-январда өтөт. Учурда талапкерлер үгүт жүргүзүүдө.