Ошто жол эрежесин бузган жөө жүрүүчүлөр дагы айыпка тартылууда

Ошто жол эрежесин бузган жөө жүрүүчүлөр дагы айыпка тартылууда. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, жолду туура эмес жерден өтүп, айдоочуларга тоскоолдук жаратып, авариялык абалды жараткан жөө жүрүүчүлөр көп болууда.

 

Андыктан, түштүк калаада 3 күндүк рейд жүргүзүлдү. Анын алкагында эреже бузгандар 1 миң сомго айыпка тартылат, — дешти ведомстводон.