Кыргызстанда жер көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Кыргызстанда жер көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, мындай көрүнүш жыл сайын абанын температурасынын жогорулашы менен байкалат.

 

Табигый кырсыкка кабылуу ыктымалдуулугу республиканын түштүгүндө жогору. Мындан улам, мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кооптуу аймактарда жашаган жарандарды тез арада көчүрүү, ошондой эле көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарга туруктуу мониторингди уюштуруу сунушталды.