Ички иштер министрлиги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешме форуму учурунда Ысык-Көл облусунда күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту камсыздайт

Ички иштер министрлиги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешме форуму учурунда Ысык-Көл облусунда күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту камсыздайт. Расмий иш-чара 26-27-майда өтөт.

 

Андан тышкары, Ысык-Көлдө расмий түрдө жайкы туристтик сезон старт алгандыктан, аймактык башкармалыктарга эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы берилди.

 

Ал эми жол инспекциясы кырсыктардын алдын алууга багытталган иш-чараларды өткөрөт. Облустагы коомдук жерлерде, көчөлөрдө жана эс алуу аймактарында күнү-түнү нөөмөт жүргүзүлөт.