Кочкор айылында “Унаа” мекемесинин жаңы имараты ачылды

Нарын облусунун Кочкор айылында “Унаа” мекемесинин жаңы имараты ачылды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул жерде дүйшөмбүдөн жумага чейин жарандарды кабыл алышат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, жыл башынан бери калктын муктаждыктарын эске алуу менен Нарын облусунда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин үч сектору жана филиалы ачылды.