ЖРТга кошумча каттоо 19-майдан 22-майга чейин жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 19-майдан 22-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдирди.

 

Процедураны өз убагында бүтүрүүгө үлгүрбөй калган абитуриенттер тестирлөө борборлоруна каттала алышат.

 

Эске салсак, 2012-жылдан бери ЖРТ менчигинин түрүнө карабастан бардык ЖОЖдорго кабыл алууда милдеттүү болуп саналат.