Бишкек – Кара-Балта жолун оңдоо уланууда.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей,
учурда иштер Сокулук, Александровка жана Беловодск аймактарында жүрүп жатат.
Жолчулар тосмолорду орнотуп, жөөктөрдү куюшууда. Трассаны оңдоп-түзөө иштери ушул
жылы күздө аяктамак. Бирок карантинден улам мөөнөт жылдырылды. Мындан улам курулуш
кийинки жылы бүтүп калат. Эске салсак, Бишкек – Кара-Балта жолун оңдоо 2017-жылы башталган.