Үйдөн иштеп жаткан бюджеттик кызматкерлердин айлыгы төлөнөт.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, Эмгек кодексине ылайык, үйдө иштебей отурган бюджеттик
кызматкерлерге да орточо эсеп менен маянасынын үчтөн эки бөлүгү төлөнөт.
Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында
22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган. Мындан улам
бюджеттик кызматкерлер үйдөн иштөөгө жиберилген.