Жашыруун ташылып жүргөн күйүүчү май табылды

Жашыруун ташылып жүргөн күйүүчү май табылды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Жайыл жана Панфилов райондорунда текшерүү иштери жүрдү.

Жыйынтыгында бензинге окшош жыты бар суюк зат куюлган вагон – цистерна табылды.

Ал эми документте 68 тонна «уайт-спирит» жүктөлгөнү жазылган.

Атайы экспертизанын жыйынтыгында жалган документ менен

күйүүчү май ташылып жатканы белгилүү болду.