Бишкектин коменданты сулуулук салондоруна жана такси кызматтарына эскертүү берди

Бишкектин коменданты сулуулук салондоруна жана такси кызматтарына эскертүү берди. Алмазбек Орозалиев белгилегендей, такси айдоочулары жана чач-тарачтар медициналык беткапсыз эле иштеп жатат.

 

Андан тышкары, таксилер 2ден көп жүргүнчү ташып жатканы аныкталууда. Санитардык талаптарды Бишкектин тургундары дагы бузуп жатат. Элдер себепсиз көчөгө чыгып, кадимки жашоодогудай эле ары-бери жүрүшөт. Комендант белгилегендей, юридикалык жана жеке тараптарга тең айыптар салынат.