Аксы районунун 25 жаштагы тургуну үч эм төрөдү.
Бул тууралуу «Азаттыкка» район акиминин орун басары
Дамира Абдылдаева билдирди. Ымыркайлар Таш-Көмүр шаардык
ооруканасынын төрөт бөлүмүндө, ар биринин салмагы 1,5 килограммдан
жарык дүйнөгө келишти. Учурда эненин жана 3 кыздын абалы жакшы.
Жергиликтүү бийлик үч эмди куттуктап, алардын үй-бүлөсүнө
50 миң сомдук акчалай жардам көрсөттү. Кошумчаласак,
Кыргызстанда үй-бүлөдө 3 эм төрөлсө 150 миң сом сүйүнчү берилет.