Кыргызстандык Анарбек Ишенбаев дзюдо боюнча жаштар арасында өткөн Азия жана Океания мелдешинде чемпион болуп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорт боюнча Улуттук федерациясынан билдиришти.
Мелдеш ушул күндөрү Ливандын Бейрут шаарында өтүп жатат.
90 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык балбан чейрек финалдан тарта ат салышып, адегенде пакистандык спортчуну уткан. Жарым финалда казакстандык балбанды жеңген. Финалдык таймашта түштүк кореялык Ли Намхун менен кез келип мыктылыгын далилдеген.
Федерациядан кошумчалагандай, аталган мелдеште Ханболот Ырысбеков (60 килограмм) күмүш байге жана кыздар арасында Шахида Нармухамедова (78 килограмм) күмүш байгеге ээ болушту. Ал эми Муса Шабданбеков 60 килограмм салмактагы дзюдочулардын арасында коло медаль тагынган.