“Барселонадан” кеткен Лионель Месси “Пари Сен-Жармен” карьерасын улантууга
болжолдуу вариант экенин билдирди. Анын айтымында, учурда ал менен көптөгөн
клубдан сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бирок эч кандай келишимге кол коюп, чечим
кабыл ала элек. Мессинин “Барселона” мене келишими 30-июнда аягына чыкты.
Клуб 34 жаштагы футболчу менен жаңы макулдашууну бир катар
каржылоонун тоскоолдуктарынан улам уланта алган жок.