Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия кубогуна даярданат.
Футбол союзунан билдиришкендей, 2023-жылкы тандап алуу оюндарына
даярдык көрүү максатында улуттук курама бир нече беттештерди өткөрөт.
Алсак, биздин футболчулар 2-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков
атындагы стадиондо Плестина менен беттешет. Ал эми күйөрмандардын
оюнга кириши, билеттер тууралуу маалымат кийинчирээк берилет.