Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы Азия чемпионатында күмүш медалга татыды

Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы Азия чемпионатында күмүш медалга татыды.

Ал кыз-келиндер күрөшүнөн финалда япониялык Нонока Озакиге жеңилип калды.

Таймаштын бүтөрүнө бир мүнөт 40 секунд калганда Тыныбекова оң бутунан жаракат алып, дарыгер беттешти уланта албай турганын айтты.

Натыйжада, алтынга япон балбаны татыды.

Белгилеп кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону.