Кыргызстандыктар ПЦР тести жок кайсы өлкөлөргө бара алат?

Республикалык штаб кыргызстандыктар ПЦР тести жок кайсы өлкөлөргө бара алары тууралуу маалымат таратты.

Белгилүү болгондой, ушул тапта Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Россияга киргенде ковидге каршы документ көрсөтүүнүн кажети жок.

Ошондой эле, жакындан тарта Түркия, Кипр, Грузияга бара турган чет мамлекеттердин жарандарынан COVID-19 вакцинасынын сертификатын же тесттин терс натыйжасы тууралуу маалымдаманы көрсөтүү талабы жоюлду.

Эске салсак, Кыргызстанда ПЦР тесттин болушу тууралуу талап 1-майдан тарта жокко чыгарылган.