Кыргызстанда дагы 11 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 8, Чүйдө 1, Жалал-Абадда 2 учур катталды.

 

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 430га жетти.