COVID-19 вирусу жуккан тогуз бейтаптын абалы оор

Республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда стационарда коронавирус жуктурган 290 киши жатат. Алардын ичинен тогузунун абалы оор, бешөө реанимацияда.

 

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор — бешөө.

 

COVID-19 вирусу жуккандардын 51 медицина кызматкерлери. Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 44 бейтап айыгып чыкты.

 

Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 116, Чүй облусунда – 18, Баткен облусунда – 4, Ош шаарында – 42, Бишкек шаарында – 54, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 4 учур катталды. Алардын 176 –аял, 163 – эркек.