Россияда 82 миңден ашык кыргызстандык “кара тизмеде” турат

Россияда 82 миңден ашык кыргызстандык “кара тизмеде” турат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-апрелине карата аталган мамлекетке кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктардын саны 82 миң 420 адамды түзөт.

Жаран «кара тизмеде» экинин билбей, билет сатып албашы үчүн чек ара жана миграция кызматы иш алып барууда.

Азыр адамдар бул маалыматта алдын ала текшере алат”, — деди Байсалов.