Кыргызстандыктар пенсиялык топтолмолорун ипотекалык насыяны төлөөгө жумшаса болот

Кыргызстандыктар пенсиялык топтолмолорун ипотекалык насыяны төлөөгө жумшаса болот.

Министрлер кабинетинин токтом долбоору учурда коомдук талкууда. Ага караганда, социалдык

фонддун сунушуна ылайык, өлкө жарандары ипотекалык насыянын баштапкы төлөмүн төгүү

үчүн пенсиялык топтолмолордун бир бөлүгүн алса болот. Бирок топтолгон каражат жана аны

инвестициялоодон түшкөн киреше 50 миң сомдон кем болбошу керек.

Андан тышкары, жарандын учурда турак жайы жок болушу шарт.