Кыргызстанда эттин эң жогорку баасы 357 сомдон сатылууда

Кыргызстанда эттин эң жогорку баасы 357 сомдон сатылууда.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Маалыматка караганда,

уй этин кымбат баада саткан шаарлардын сап башына Бишкек чыкты.

Борбор калаада бир килограммы 387 сом болду. Ал эми республика

боюнча эң төмөнкү баа Таласта, бул жерде 300 сомдон сатылууда.

Эске салсак, айрым аймактарда декабрда уйдун этинин баасы

ноябрга салыштырмалуу 2 сомго же 0,7 пайызга жогорулады.