Бишкек мэриясынан коронавируска кабылуу учуру кескин көбөйгөнүн түшүндүрүштү.
24 агенттигине ордо калаа вице-мэри Виктория Мозгачева билдиргендей, ордо калаада абал туруктуу – суткасына 500-600дөн учур катталууда.
Статистикада шаар четинде жашагандар көп. Ал эми бүгүнкү көрсөткүч кескин көп болгонунун себеби – жеке лабораториялар 3 күндүн маалыматын бир бергенинде.
Бул учурлар бүгүнкү статистикага киргизилди. Вице-мэр кошумчалагандай, ооруканага ковид менен жаткырылгандардын саны дагы туруктуу – күнүнө 65-70 адам. Калгандарында оорунун жеңил формасы болгондуктан, үйлөрүндө эле дарыланууда.