Кыргызстандыктар “Спутник V” вакцинасын сатып алат

Кыргызстандыктар “Спутник V” вакцинасын сатып алат. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

 

Анын айтымында, бейтаптар үчүн препараттын баасы азырынча бекитиле элек. Вакцинаны акысыз 65 жаштан жогоруку, тубаса оорусу бар жарандар, дарыгерлер, мугалимдер жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ала алышат.

 

Ал эмик алгандары төлөшү керек болот. Эске салсак, Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозалык экинчи партиясы кечээ жеткирилди.