Коронавирус жайылуу коркунучу мурдагыдай эле сакталууда

Коронавирус жайылуу коркунучу мурдагыдай эле сакталууда. Абалды андан дагы оорлоштуруп албаш үчүн, жарандар санитардык талаптарды так карманышы керек, — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

 

Анын айтымында, өлкөдө учурда өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Комендатуралардын укуктары жергиликтүү бийликтерге өткөрүлүп берилди.  Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда  коронавирустун 1 миң 16 учуру катталды.