Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 6, Ошто 4, Чүйдө 4, Ош, Ысык-Көл облусундарында бирден, Жалал-Абадда 2, Нарында 11 учур катталды.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 миң 111ге жетти.