Бишкекте жаштардын башын бириктерген “Жашар — 2023” фестивалы өттү

Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Жаштар күнүнө карата «Жашар — 2023» аталышындагы жаштар фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

 

Анда бүгүнкү күндө жаңы Кыргызстанды курууга багытталган коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштардын ролу артып, алардын катышуусу күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы белгиленип, өлкө турмушунда маанилүү орунду ээлеген, саясий жана жарандык позициясы бар жүздөгөн жаштар турмуштун бардык тармактарында өлкөнн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланып жаткандыгы айтылды.

 

Фестивалдын алкагында жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу аянтчалар түзүлүп, «Сүйлө», «Жаса» жана «Кара» — платформалары иштеп, келген жарандар үчүн эшик ачык болду.

 

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Борбордук Азиядагы IDEA жана КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте уюштурду.