Нарын районунда Куланак каналы курулат

Нарын районунда Куланак каналы курулат. Президент аппаратынан билдиришкендей, буга чейинки насостук станция 48 жылдан бери колдонулуп, эскилиги жетти.

 

Андыктан, жаңы система менен иштей турган каналды куруу чечими кабыл алынган. Күтүлгөндөй, ал 5 миң гектар айдоо талааларын сугат суусу менен камсыздай алат. Долбоордун жалпы баасы 1,5 миллион сомдон ашык. Курулуш иштери кийинки жылы башталып, 2026-жылга чейин созулат.